Баткен облусунда үч эм жарык дүйнөгө келди

Баткен облусунун Лейлек районунда үч эркек ымыркай дүйнөгө келди. Дарыгерлердин билдиргенине караганда, Көк-Таш айылынын тургуну Назира Кенжебаева Лейлек жалпы дарыгерлик практика борборунда үч эм төрөгөн.

Маалыматка ылайык, төрөт 26-май күнү кесарево кесими (операция) жолу менен ишке ашкан.

Учурда энеси жана жаңы төрөлгөн ымыркайлар адистердин көзөмөлүндө. Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

3 Июнь 2026 жыл 10:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча