Баткен облусунда сел жүрүп, үйлөр жана жолдорду зыянга учуратты

Баткен облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин сел жүрдү. Бул тууралуу президенттин аталган аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев баштаган тиешелүү жетекчилер селден жабыркаган аймактарды жеринен көрүп чыкты.

Алар Коргон, Катыраң, Баул айылдарына баруучу ички жолдорду тазалоо жана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышып, аткаруучуларга ыкчам жана сапаттуу иш алып баруу боюнча тапшырмаларды беришти.

25 Май 2026 жыл 15:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча