Баткенде жаңы чек ара посту ачылды

Баткен облусунда жаңы чек ара посту ачылганын Чек ара кызматы билдирди. «Чарбак» заставасынын «Согмент» бекети Баткен районунда жайгашкан. Ачылышына Чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев онлайн катышып, аземде президенттин облустагы өкүлү Мамыржан Рахимов жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү болду.

Жетекчилер аскер кызматкерлерин Чек ара күнү менен куттуктап, мамлекет чек араны коргоо маселесине өзгөчө көңүл буруп жатканын айтышкан.

Постто заман талабына ылайык жабдылган казарма бар. «Согменттеги» жоокерлер кыргыз-өзбек чек арасынын 12 чакырымын кайтарышат.

Бүгүн Кыргызстанда бир нече чек ара объектилери ачылары айтылды.

28 Май 2026 жыл 10:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча