Базар-Коргондо 71 жаштагы киши өз небересин зордуктоого шектелип камалды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 71 жаштагы киши небересин зордуктоого шектелип камакка алынды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 34 жаштагы жаран милицияга кайрылып, 15 жаштагы кызын зордуктаган кишиге чара көрүүнү суранган. Облустук милиция өспүрүмдүн боюна бүтүп калганын маалымдады.
Кылмышка шектелип Базар-Коргон районунун 71 жаштагы М.М. аттуу тургуну кармалды. Экспертизалар дайындалып, ал эки айга камакка алынды.

9 Февраль 2026 жыл 14:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча