Бүгүнкү күндө Бишкектеги базарларда эттин баасы 700 сомдон өйдө сатылып жатат. Ал эми сөөгү жок эт 900 сомдун тегеринде сатылууда. Бирок эт сатуучулар өлкөдө күндөн-күнгө эт кымбаттап жатканы алардын дагы соодасынын жүрүшүн начарлатып, эт алуучулардын дагы саны азайып жатканын айтышты.
Ал эми эт Кыргызстанда негизги азыктардын бири болуп саналат. Ошондуктан анын баасын туруктуу деңгээлде кармашыбыз керек дейт айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев. Анын айтымында учурда уй жана кой этинин баасы 600–700 сомдун тегерегинде. Бирок ар бир аймакта баа ар кандай болууда дейт. Ал эми эттин баасынын жогору болушунун себебине токтолгон Чекирбаев мындан улам министрлик дүйнөлүк инфляциянын жогорку деңгээлине байланыштуу эттин баасын өстүрбөй, ушул калыпта сактап калууга чаралар көрүлүп жатканын билдирди. Анткени ал калктын аялуу катмары үчүн бул өтө маанилүү экенин белгилейт.
Ошондой эле айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев Кыргызстан бүгүнкү күндө уй жана кой эти боюнча өзүн толугу камсыздай аларын маалымдады. Чекирбаевдин белгилешинче өлкө өзүн уй жана койдун эти менен 100 пайыздан ашык камсыз кыла алат. Ал эми тооктун эти боюнча толугу менен камсыз кыла албайт. Тооктун эти чет жактан импорттолот. Алсак, 2025-жылы 58 миң тонна, ал эми 2026-жылы 48 миң тонна тоок эти сырттан ташылып келет деп пландалган.
Экономика жана коммерция министрлиги болсо Кыргызстанда ушул жылдын 10-ноябрынан тартып Кыргызстанда эттин баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтү 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылганын билдирди. Мекеменин адиси билдиргендей мындай чечим эттин баасынын мындан ары өсүшүнө жол бербөө максатында жана алып-сатарлык иштердин алдын алуу, калк үчүн социалдык маанилүү продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн кабыл алынган.