БЧКдан табылган адамдын сөөгү. Кылмышка шектүү жаран кармалды

Чүй облусунда милиция кызматкерлери тарабынан БЧКдан табылган адам сөөгүнө байланышкан кылмышка тишелүү шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 19-июлунда болжол менен саат 16:15те Чүй райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө 1974-жылы туулган Т.И. атту жаран кайрылып, 2025-жылдын 18-июлунда саат 13:00 чамасында Чүй районунда жашаган иниси 1984-жылы туулган Т.Н., «Daimler-Benz» үлгүсүндөгү автоунаасы менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келбегенин билдирген.
Бул факты каттоого алынып, алдын ала териштирүү иштери башталган.
Тергөөнүн жана ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери Алчалуу айылынын аймагынан дайынсыз жоголгон Н.Т.га таандык автоунааны табышкан. Автоунаанын салонун кароодо канга окшош тактар табылган.
Райондук милициянын тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө жана тергөө иштеринин натыйжасында, Т.Н. атту жаран, У.Н. атту жаран менен узак убакыттан бери касташып жүргөнү аныкталган. Ошондой эле, 2025-жылдын 18-июлунда жүгөрү талаасында экөөнүн ортосунда жаңжал чыгып, мушташ учурунда У.Н. Т.Н.га бычак менен көп жолу жаракат келтирип, натыйжада ал ошол жерден каза болгону белгилүү болгон. Кылмыштын изин жашыруу максатында шектүү У.Н. анын сөөгүн Чүй районунун аймагындагы БЧКга ыргытып жиберген. Кийинчерээк сөөк табылып, суудан чыгарылган.
Бул кылмышка шектүү 1972 жылы туулган У.Н. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен ага камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы каралган.
Тергөө иши боюнча айыптоо актысы түзүлүп, кылмыш ишнин өндүрүшү аяктап, сотук кароого жөнөтүлгөн.

10 Сентябрь 2025 жыл 17:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча