Бир жумада 4 миң 691 унаа айып короосуна киргизилди
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 29-июндан 4-июлга чейин 24 миң 985 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.
Мекеменин маалыматына ылайык, анын ичинде:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 2 539;
- Мас абалында транспорт каражатын башкаруу — 362;
- Автоунаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу — 193;
- Жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежелерин бузуу — 1 238;
- Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 502;
- Автоээнбаштык — 52;
- Белгиленген ылдамдык чектөөсүн ашыруу — 2 135;
- Жалган мамлекеттик номер белгиси менен транспорт каражатын башкаруу — 6;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 9 267.
- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 4 691 автоунаа убактылуу токтотулуучу айып короо жайына токтотулду.
ЖКККББ айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү Жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, бири-бирине сылык мамиле кылууга жана жол коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын кемчиликсиз аткарууга чакырат.
6 Июль 2026 жыл 13:23