Бишкек–Кашка-Суу жолунда 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 22 жаштагы жаран Honda Torneo унаасын катуу ылдамдыкта айдап келе жатып, рулга ээ боло албай, жол жээгиндеги адамдарды сүзүп кеткен.
Кырсыктан беш адам ошол жерден каза болгон. Алардын төртөө жаш балдар:
Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.