Бишкек мэри: «Мага асылгандарды окуп, кызым менен апам кыйналат»

Мага асылгандарды окуп, кызым менен апам кыйналат. Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиев “Кабар” берген подкастта билдирди.

Мэр анын дарегине карата сын-пикирлер кемчиликтерге жараша айтылган болсо, туура кабыл аларын, аларды оңдогонго аракет жасарын айтты.

“Көптөгөн пикирлерди окуйм. Көп учурда анализсиз эле баа бере беришет. Ошолорду карап, бала-чакасы, тууган-урук, куда-сөөгү барбы-жокпу деген ой келет. Себеби, үйгө келгенде улуу кызым маанайы жок отурган болсо, соцтармакта мен жөнүндө туура эмес маалыматтар чыккан экен деп сезем. Анткени айрымдар ар кандай комментарийди “белгисиз” болуп алып жазат. Жашоо деген бумеранг. Мен ар кандай пикирлерге көңүл бурбайм. Бирок үй-бүлөм, кыздарым, апам ошондой пикирлерди окуп алса, жүрөгүм ооруйт. Бирок ар бир нерсени эмгек менен, кылган иш менен жеңип кетсе болот. Иштин жыйынтыгы ошондо чыгат. Мен бул кызматка пайдамды келтирип, аракет кылайын деп эле келдим. Эгерде кимде мен жөнүндө маалымат болсо, бир чарчы метр жерди ижарага алып бирөөгө берсем, мен ошол күнү кызматты өткөрүп бергенге даярмын. Командам менен шаарды өнүктүрүп-өстүрүп жакшы жыйынтыкка жетебиз деп пландарды койгонбуз. Мен сын-пикирлерди кемчиликтерге жараша айтылган болсо, туура кабыл алып, оңдогонго аракет жасайм”, — деди ал.

20 Январь 2026 жыл 18:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча