Бишкек мэриясы үйлөргө жылуулук качан берилерин айтты

Бишкекте турак-жайларга жылуулук норма боюнча берилет. Бул туурасында мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Муниципалитеттен жылуулук мезгилинин башталышы абанын орточо температурасы беш күн катары менен +8 градуска жеткенде аныктала турганын эскертти.

Объекттерге жылуулук берүү бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине жылуулук берилет. Экинчиден, мурда пайдаланылган жылуулук энергиясы үчүн карызы жок турак жайларга, өнөр жай ишкана, мекемелерине жана объекттин кышкыга даярдыгы тууралуу актысы барларга берилет.

Булак: Кактус

15 Октябрь 2024 жыл 13:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча