Бүгүн, 11- март, таңкы саат 6:50 дɵ Бишкек-Ош авто жолунун 224 чакырымында Ала –Бел ашуусунда кар кɵчкү түштү. Бардык авто унаалар үчүн каттам убактылуу эки тараптуу жабык. Бул тууралуу КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Учурда № 23 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан ыкчам түрдɵ керектүү техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдɵ.
Кошумча маалымат берилет.