Бишкек – Ош жана Бишкек – Манас багытындагы авиабилеттерди арзандатууга болбойт.
“Кыргызстан аэропорттору” ААКтын басма сөз кызматынын жетекчиси Алена Хоменко билдиргендей, Ош жана Манас багыттары ички рыноктогу суроо-талап эң жогору каттамдардын катарына кирет. Ал эми мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясы азырынча бул багыттардагы каттамдарды толук кандуу тейлөөгө жетишпейт.
“Аталган багыттарда башка жеке компаниялар да иштегендиктен атаандаштыкты сактоо зарыл. Бир авиакомпаниянын бааны төмөндөтүшү жалпы рынокко таасир этет жана башка ташуучуларды адилетсиз абалга кептеп, мындай шартта иштөө аларга кирешелүү болбой калат.
Күн мурун президент Садыр Жапаров ички авиакаттамдарды субсидиялоо тууралуу тапшырма берген. Бирок, бул чара Талас, Нарын, Кербен, Казарман, Баткен, Раззаков жана Каракол багыттарына гана тиешелүү”,-деп белгиледи ал.