Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Ким келип, ким кетти?

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын директору болуп Өмүркулов Эркинбек Кубанычбекович дайындалды. Өз кезегинде Токтогонов Элдияр Таштемирович ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле «Бишкекмончо» муниципалдык ишканасынын директору болуп Адылхан уулу Самат дайындалды. Ал буга чейин аталган ишкананын директорунун орун басары кызматын аркалап келген.

Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.

20 Январь 2026 жыл 17:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча