Бишкекке 400 пластик жана 200 темир таштанды контейнерлери сатылып алынды

«Тазалык» муниципалдык ишканасы таштанды үчүн 400 пластик жана 200 темир контейнер сатып алды. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкектин сырткы көрүнүшүн жана таштанды чыгаруунун сапатын жакшыртуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан контейнерлердин санын көбөйтүү милдети коюлган. 2023-жылы 530 контейнер сатылып алынган.

Ага ылайык, контейнерлер шаардыктардын катуу тиричилик калдыктары үчүн гана эмес, чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн да орнотулууда. Туура эмес жерлерде таштанды чыгаруу учурлары чарбакер субъекттер тарабынан болуп жатат.

24 Январь 2024 жыл 17:58

Тема боюнча