Бишкекте 24 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдөн кулап каза болду

Бишкекте көп кабаттуу батирден 24 жаштагы кыз кулап каза болду. Маалыматты Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматта айтылгандай, кырсык кечээ, 2-июнда Токомбаев көчөсүндө көчөсүндө жайгашкан батирде болгон. Маркум 2018-жылдан бери Республикалык психикалык саламаттык жана наркология борборунда каттоодо турган.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөө иштери жүрүп жатат.

Источник: super.kg маалымат-маанайшат порталы (https://www.super.kg/kabar/news/488863)

3 Июнь 2026 жыл 15:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча