Бишкек шаарындагы Ауэзов көчөсүндө мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусунда чынар дарагынын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпысынан жазгы өнөктүк башталгандан бери борбор калаада 6 миңге жакын жаңы дарак-бадал отургузулду. Ал эми былтыр отургузулган көчөттөрдүн 86%ы жакшы өсүп кеткен.
Калаа жетекчиси жаш көчөттөрдү сугаруу жана кам көрүү ишин өзгөчө көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгиледи.
«Жашыл көчөттөргө сапаттуу кам көрүү болгондо гана биздин аракеттерибиз натыйжалуу болот», — деди ал.
Мэриядан белгилешкендей, учурда «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын питомнигинде 93 миң көчөт бар. Алардын ичинен 20 миң көчөт шаар аймагына отургузулат, калганы питомникте өстүрүлөт.