Бүгүн саат 23:00дөн тартып Бишкек шаарында пилоттук режимде муниципалдык түнкү автобус каттамдары ишке кирет.
Мэриядан билдиришкендей, биринчи этапта №3, №16, №19, №35, №45 жана №56 автобустары каттамга чыгат. Ар бир каттамда үчтөн автобус каттайт.
Алар бекитилген графикке ылайык, саат 23:00дөн 05:00гө чейин жүргүнчүлөрдү ташыйт.
Жол кире акысы төмөнкүдөй болот:
Накталай эмес төлөмдө (банктык карта, транспорттук карта же QR-код аркылуу): 70 сом;
Накталай төлөмдө: 90 сом.