Бүгүн, 3-июлда Терек–Чаты–Терек автожолунун 5-чакырымга чейинки аралыгында жүргөн селдин кесепеттери жоюлуп, бир тараптуу каттам менен камсыздалды. Азыркы тапта тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ал эми Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу автожолунун 106–110-чакырымдарында сел түшкөн тилкелерде жолду кеңейтүү жана тазалоо иштери уланып жатат.
Жолдорду тазалоо иштери №26 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери тарабынан ыкчам жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, кечээ 2-июлда саат 16:30 чамасында Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 106–110-чакырым аралыгында сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында аталган тилкеде бир тараптуу каттам калыбына келтирилген.
Ошондой эле Терек–Чаты–Терек унаа жолунун 5-чакырымга чейинки тилкесинде да сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.
Кошумча маалымат берилет.