Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү өлкөдө ширеңке чыгаруучу биргелешкен ишкана түзүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатат.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, бул багытта Соода өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Өзбекстандын ширеңке өндүргөн алдыңкы ишканасынын жетекчилиги менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап өзбек өнөктөштөрүнүн заводуна барып, өндүрүш көлөмү, колдонулган технологиялар жана продукциянын сапаты менен таанышты. Сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы өндүрүштү Кыргызстандын аймагында уюштуруу болду.
Кыргызстандын соода өкүлү Бакай Акбаралиевдин айтымында, бул демилге ички рынокту сапаттуу жана арзан ширеңке менен камсыз кылуу, жеткирүү чыгымдарын азайтуу, өлкөгө түз чет өлкөлүк инвестиция тартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк болот.
Өзбекстандык ишкананын жетекчилиги Кыргызстандын рыногуна кирүүгө абдан кызыкдар экенин билдирди.
Тараптар жакынкы арада өндүрүштүк-экономикалык маалыматтарды алмашып, долбоордун натыйжалуулугун баалоону макулдашты.