Венесуэлада жер титирөөлөрдөн каза болгондордун саны 2595ке жетти. Бул туурлуу Xinhua агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, ал эми 12 миңден ашуун адам жаракат алып, жер титирөөнүн кесепетинен189 имарат талкаланган.
1-июлда Венесуэланын президенттин милдетин аткаруучусу Делси Родригес жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жарыялады. Аза күтүү иш-чарасы ошол эле күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дө башталган.
Эске сала кетсек, 24-июнда Венесуэланын түндүгүндө, борбор шаар Каракастан батыш тарапта, болгону 39 секунддук аралык менен магнитудасы 7,2 жана 7,5ке жеткен эки жер титирөө болгон. Бул өлкөдөгү акыркы 125 жылдагы эң күчтүү жер титирөө болуп саналат. Андан кийин ондогон афтершок катталган.
