Соттолгондор тигүүчү жана бариста кесиби боюнча окуудан өтүштү

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №8 мекемесинин алдындагы №4 кесиптик-техникалык окуу жайында 5 айлык окуу программасын ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окууну аяктаган соттолгондорго тигүүчү жана официант-барист адистиктери боюнча кесиптик сертификаттар ыйгарылды. Жалпысынан 61 соттолгон окуудан өттү.

«Аталган кесиптик билим берүү программалары соттолгондордун эмгек көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, аларды коомго кайра ийгиликтүү адаптациялоого жана келечекте эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү адис катары калыптандырууга багытталган. Учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында соттолгондор үчүн 23 багыт боюнча билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. 2025–2026-окуу жылынын башында түзөтүү мекемелеринде жалпы 722 соттолгон кесиптик окууга кабыл алынып, окуу мөөнөтү кесиптин өзгөчөлүгүнө жараша 5 айдан 10 айга чейин уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө №1, №2, №8, №10, №16 жана №27 мекемелеринде жайгашкан 6 кесиптик окуу жайда жана алардын филиалдарында соттолгондор эмгек рыногунда талап кылынган 15 кесип боюнча билим алышууда. Жалпы эсеп менен 681 соттолгон окуудан өтүп жатат.

3 Июль 2026 жыл 14:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча