Бишкекте бир түндө 1 168 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Бишкекте «Рулда» рейди учурунда бир түндө 1 168 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

мас абалда унаа башкарган 37 айдоочу;
тиешелүү документи жок унаа башкарган 40 айдоочу;
ар кандай жол эрежелерин бузуулар үчүн 368 унаа айып короого токтотулган.
Белгиленгендей, профилактикалык рейд күн сайын өткөрүлүп, жол кырсыктарынын алдын алуу жана коомдук тартипти камсыздоо максатын көздөйт.

6 Ноябрь 2025 жыл 9:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча