Бишкекте эки баласы менен терезеден кулаган аял. Милиция кылмыш иш козгоду

4-апрелде кечке жуук Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда көп кабаттуу үйдөн эки баласы менен кулап кеткен аялдын окуясы иликтенип жатат. Бул тууралуу Бишкектин шаардык милициясы билдирди.

Ошол күнү саат 18:11де милицияга кабар түшүп, 2021-жылы туулган Ж.А. жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгени маалымдалган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө көп кабаттуу үйдүн 6-кабатындагы батирден 27 жаштагы келин 2021 жана 2025-жылы туулган эки баласы менен кулап кеткени аныкталган. Апасы менен кичүү баласы ошол жерде үзүлгөн.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иши козголду.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактысы аныкталды.

Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 96-беренесинин негизинде 1992-жылы туулган М.А. шектүү катары кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери улантылууда, кошумча маалыматтар кийинчерээк берилет.

5 Апрель 2026 жыл 10:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча