Бишкекте көп кабаттуу үйдүн 7- кабатынан 1 адам өз өмүрүнө кол салууга аракет кылды

Бүгүн, 27-декабрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 7- кабатынан 1 адам өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүү жолу менен 33 жаштагы эркек кишини куткарып калышты.

Куткарылган жаран ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

27 Декабрь 2025 жыл 17:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча