Бишкектеги мамлекеттик мекемелердин биринин алты кызматкери кешикке келген этти жеп ууланды. Бул туурасында Санэпид көзөмөл департаментинин маалымат кызматы билдирди. Алар дарыгерлерге 8-июнда кайрылган.
«Бардыгы медициналык жардам алуу үчүн кайрылып, экөө ооруканага жаткырылды. Ал эми төрт кызматкер үйлөрүнөн дарыланып жатат», — деп билдиришти маалымат кызматы.
Мындан улам аталган департамент жай келип, күн ысыгандыктан тамак-аштын эскирип кеткенин тактап, андан соң жеш керектигин эскертет.