Бишкекте Нурдан Орунтаевдин катышуусунда пресс-тур уюштурулду

Бүгүн, 24-январда Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана анын орун басары Талант Иманакун уулу, агенттикке караштуу департаменттердин жетекчиликтеринин, массалык маалымат өкүлдөрүнүн катышуусунда пресс-тур уюштурулду. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, «Учурдагы курулуштар жер титирөөгө туруштук бере алабы жана жаңы курулуш нормалары» темасы көтөрүлүп, Бишкек шаарында курулуп жаткан бир нече имараттардын сапаты жеринен текшерилип көргөзүлдү.

Аталган пресс-турдун жүрүшүндө эки объект каралды. Алар: мурдагы №47 түзөтүү колониясынын аймагында жайгашкан монолиттик типте курулуп жаткан имарат жана Ч.Айтматов 299 дарегиндеги каркастык типтеги курулуш имараты. Мамкурулуштун директору Нурдан Орунтаев жана анын орун басары Талант Иманакун уулу менен жогоруда аталган объекттер 7-8 баллга чейинки жер титирөөгө туруштук бере аларын, көрсөтүлгөн курулуш нормаларына жана эрежелерине так жооп бергендигин көрсөтүштү.

Мындан тышкары бетондордун жана арматуралардын сапаты жеринен текшерилди. Мамкурулуштун директору өз сөзүндө, ар бир курулуп жаткан имарат сейсмикалык жактан туруктуулугун жана кооптонууга эч кандай негиз жоктугун белгилеп өттү.

Ага ылайык, пресс-турдун жыйынтыгында массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Мамкурулуш тарарбынан курулуштарга берилген уруксаат кагаздарын, курулуштун стандарттарын жана нормаларын толугу менен аткарып жаткандыгына күбө болушту.

24 Январь 2024 жыл 18:10

Тема боюнча