Бишкек шаарынын ИИББнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 4-февралында саат 23:04тө Бишкек шаарынын ИИББнын «102» кызматына шаардын четиндеги айланма жолдун жээгинен аял кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Аталган факты боюнча окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ИИБнын ыкчам тергөө тобу жөнөтүлдү. Ал жерге барганда маалымат тастыкталып, зордук-зомбулуктун белгилери бар аялдын сөөгү табылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен кылмыш иши козголду.
Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө маркумдун өздүгү аныкталып, ал 2006-жылы туулган С.Б. аттуу жаран экени белгилүү болду.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 2004-жылы туулган Н.А. аттуу жаранды изи суубай аныкташты. Милиция кызматкерлери анын үйүнө барганда, ал өзүнө-өзү кол салууга аракет кылып, бычак менен бир нече жолу өзүнө жаракат келтирген. Милиция кызматкерлери тарабынан өз убагында биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң «103» тез жардам кызматы чакырылган.
Учурда Н.А. аттуу жаран медициналык мекемеде конвойдун коштоосунда кармалууда.
Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки иликтөө Жазык-процесстик кодексинин талаптарына ылайык улантылууда.