Бишкекте жана Ошто мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жарандар кармалды 

Бишкекте жана Ошто мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарында Орусиянын кылмыш-жаза кодексинин 162-беренеси (каракчылык) боюнча издөөдө жүргөн М.К. аттуу жаран кармалган. Издөөдө жүргөн адам жүзүн таануу системасы камтылып, коомдук жайларда орнотулган видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармалган.

Ага ылайык, бүгүн Бишкек шаарында Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (алдамчылык) боюнча издөөдө жүргөн Т.С. аттуу жаран кармалды. Аталган жаран дагы коомдук жайларда орнотулган жүзүн таануу системасы камтылган сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармалган.

Ал эми видеобайкоо камералары жогорудагы жарандарды мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн адамдар катары тааныган.

25 Январь 2024 жыл 17:53

Тема боюнча