Мамлекеттик курулуш агенттигине караштуу Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура курулуш конролдоо башкармалыгынын жана Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана ишженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун инспекторлору тарабынан курулуп жаткан жана эксплуатацияланган көп кабаттуу турак жайлардын монолиттүү темир-бетон каркастарынын, тосмо конструкциялардын жана жасалгалоо иштеринин абалына болгон текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой, өлкө боюнча учурда курулуп жана эксплуатацияланып жаткан 214 көп кабаттуу турак-жайларда курулуш дефекттери жана жаракалар бар же жок экендиги визуалдык текшерүүдөн өткөрүлдү.
Ага ылайык, Мамкурулуш агенттигинин ишеним телефонуна жарандардын кайрылуулары боюнча – 74 объект текшерилди.
Агенттиктин курулуш реестрине ылайык:
“Текшерүүнүн жыйынтыгында жер титирөөдөн кийин монолиттүү темир-бетон каркастарда, ригелдерде, шыптарда, тосмо конструкцияларында жана жасалгалоо иштеринде эч кандай мүчүлүштүктөр жана бузулуулар, оорчундуу жаракалар табылган эмес. Жарандардын кооптонуусуна негиз жок”,-деп айтылат маалыматта.
Ушул себептен улам Мамкурулуш агенттиги тарабынан убактылуу ачылган ишеним телефону өз ишин аяктады.



