Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Бишкек шаарындагы бир катар аттракциондордо түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө инспекторлор Евразия паркындагы, ошондой эле “Азия Молл” жана “Ала-Арча” соода борборлорунда жайгашкан аттракциондордун ишмердүүлүгүнө көңүл бурушту. Максат — жайкы эс алуу мезгили башталган учурда жарандардын, өзгөчө балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мүмкүн болгон кырсыктардын алдын алуу.
Текшерүү жана түшүндүрүү иштери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги №171 токтому менен бекитилген “Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоонун эрежелеринин” негизинде жүргүзүлдү.
Экотехкөзөмөл кызматы аттракцион ээлерине жана жооптуу кызматкерлерге коопсуздук талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрмөлөрдү берип, атайын эскертүү кагаздарын тапшырышты. Ошондой эле жабдуулардын техникалык абалына өзгөчө көңүл буруу, коопсуздук каражаттарын өз убагында текшерүү жана балдардын өмүрүнө коркунуч жараткан жагдайларга жол бербөө талаптары коюлду.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды, айрыкча ата-энелерди, эс алуу жайларын тандоодо коопсуздук талаптарына көңүл бурууга чакырат. Балдардын күлкүсү коопсуз шартта жаңырышы керек