Бишкектин айрым көчөлөрүндө убактылуу жол кыймылына чектөөлөр киргизилет. Себеби

4-июндан 6-июнга чейин Кыргызстанда Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин жыйыны өтөт. Иш-чара мамлекеттик деңгээлде чет өлкөлүк делегациялардын катышуусунда өткөрүлөт. 

Буга байланыштуу Бишкек шаарында жолдун айрым тилкелеринде убактылуу транспорт кыймылына чектөөлөр киргизилет. Чектөөлөр төмөнкү маршруттар боюнча каралган: 
— Фучик көчөсүнөн Васильевский трактына чейин («Манас» эл аралык аэропортунун жолу); 
— Чүй проспектисинен Манас проспектисине чейин; 
— Манас проспектисинен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейин;
— Байтик Баатыр көчөсү.

3 Июнь 2026 жыл 9:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча