16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкектин айрым конуштарында таза суу убактылуу берилбейт. Бул тууралуу «Бишкексууканал» ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чектөө «Контррезевуар» суу топтомосунда профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу кабыл алынды.
Бул күнү Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен чектелген аймакта, ошондой эле Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полицейский городок конуштарында суу берилбейт.