2025-жылы өлкөнүн спортчулары дүйнө жана Азиянын ареналарында бир катар олуттуу ийгиликтерге жетишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиясында белгилүү болду.
Агенттиктин директорунун орун басары Улан Кыдырбаевдин билдирүүсү боюнча, спортчулар жалпысынан 846 медаль утушкан. Анын ичинен 267 – алтын, 243 – күмүш жана 345 – коло медаль. Ошондой эле ала командалык мелдештерде бир катар байгелүү орундарды багындырышкан.
“Өткөн жылдарга салыштырмалуу медалдардын жалпы көрсөткүчү 18% жогорулаганын белгилегим келет. Бул спортчулардын кесипкөйлүгүнүн жогорулаганын, аракетин жана өлкөбүздүн спорттук потенциалынын өсүп жатканын айгинелеп турат”,-деди орун басар.
Ошондой эле ал белгилегендей, жыл ичинде улуттук курама командалардын 230 мелдешке катышуусу камсыздалган. Спортчулардын даярдыгын жогорулатуу максатында 147 окуу-машыгуу жыйындары уюштурулган. Алардын 37си эл аралык деңгээлде болгон. Андан сырткары, 166 республикалык жана аймактык деңгээлдеги спорттук иш-чаралар өткөрүлгөн.