Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Бек-Тоо, Кара-Жыгач жана Таш-Мойнок айыл аймактарында жайгашкан объектилерге текшерүү жүргүзүлдү. Анда 11 объектте мыйзам бузуулар катталганын Курулуш министрлиги кабарлады.
Маалым болгондой, жалпы 18 объект текшерилип, алардын жетөө мыйзамдуу негизде иш жүргүзүп жатканы аныкталды. Калган объектилерде шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарынын сакталышы, долбоордук жана уруксат берүүчү документтери текшерилип, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттерге карата административдик чаралар көрүлүп, жалпы суммасы 1 миллион сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан сырткары «Сэнд», «Авира Групп», «Масер Микс», «Вайлер Строй» жана «Жагалман» ЖЧКларынын ишмердүүлүгү да каралды. Калган объектилер боюнча текшерүү иштери улантылат дешет министрликтен.
