Чүйдө кызды ала качкан шектүүлөр кармалды

Чүй облусунда кызды ала качкан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-январда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Кожомкул айылынын 2007-жылы туулган С.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал чала таанышы никеге туруу максатында Step Wagon үлгүсүндөгү унаага күчтөп отургузуп, уурдап кетишкенин айткан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция тарабынан 23 жана 24 жаштагы шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

14 Январь 2026 жыл 10:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча