Чүй облустук жалпы дарыгерлик практика борборунда төрөттөн кийин 36 жаштагы келин каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 11-июнда Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө окуя тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факт боюнча каттоо жүргүзүлүп, териштирүү иши башталган.
Териштирүү учурунда Токмок шаарынын 1984-жылы туулган Ж.А. аттуу жараны ички иштер органдарына кайрылып, аталган медициналык мекеменин кызматкерлеринин аракеттерине укуктук баа берүүнү өтүнгөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 7-июнда саат 09:30 чамасында анын 1989-жылы туулган Ж.А. аттуу карындашы кош бойлуулугунун 36-аптасында Чүй облустук ооруканасында төрөгөн. Бирок төрөттөн кийин аял каза болуп калган.
Ички иштер органдарынын алдында иликтөө иштери жүргүзүлүп, окуянын так чыныгы абалын аныктоо максатында бардык зарыл чаралар кабыл алынууда. Тийиштүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, күбөлөр суралып, компетенттүү органдарга, анын ичинде Саламаттык сактоо министрлигине суроо-талаптар жиберилди.
Териштирүүнүн жыйынтыгында медициналык кызматкерлердин аракеттерине укуктук баа берилип, мыйзамга ылайык процессуалдык чечим кабыл алына турганы кошумчаланды.