Чукул билдирүү! Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратып Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болорун эскертти.

Маалыматка ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге жетиши күтүлүүдө.

Министрлик тургундарды этият болууга, унааларды дарактардын жана көрнөк-жарнактардын астына токтотпоого жана шамал күчөгөндө ачык жерлерде болбоого чакырат.

1 Июнь 2026 жыл 15:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча