“Чындыгымды далилдеп берүүгө даярмын». Абактагы Ташов президентке кайрылды

Камактагы ишкер, KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов президентке кайрылып, өзүнө каршы козголгон кылмыш ишинин мыйзамсыздыгын белгиледи.

Ишкердин тергөө абагынан 15-майда жазган катын анын адвокаты Асел Аргымбаева 18-майда Фейсбукка жарыялады.

Кайрылуусунда ишкер Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери өзүнө каршы «жасалма» иш козгоп, эки жылдан ашуун убактан бери мыйзамсыз кармап отурушканын билдирген.

Ал өзүнө таандык эмес жер тилкеси үчүн 52 млн сомдук мүлкүн УКМК кызматкерлери тартып алышканын, тергөө абагында отурган кезинде кыйноого алышканын билдирип, ал үчүн Коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкерлерин айыптаган. Алардын үстүнөн арызына прокуратура эч кандай чара көрө албаганын билдирген.

«Февраль айынан бери УКМК кызматкерлеринин кылган кылыктарын айынан күндө күн алып кармалып, камалып, айткандарын калың эл угуп, көрүп, билип жатат. Убакыт – бардык нерсенин даарысы, ар бир иштин таразасы экен. Акыркы эки жылда айтып, жазып келген чындыгымды ар кандай жол менен далилдеп берүүгө даярмын», — деп жазган Ташов.

19 Май 2026 жыл 9:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча