№3 Шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерлери 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн тыйынды операциясыз алып чыгышты. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришти.
Маалым болгондой, кызыл өңгөчүнө тыйын туруп калган наристе Нарындан Бишкекке жөнөтүлгөн. Бөтөн зат кызыл өңгөчтүн экинчи физиологиялык тар жерине тыгылып калгандыктан, аны үч оорукана алып чыга албай койгон.
Ал эми Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерлери тыйынды операциясыз Фолея катетерин колдонуу ыкмасы менен алып чыгышты.
Учурда баланын абалы жакшы. Ал дароо үйүнө чыгарылып, өз алдынча тамактанып калды.