Депутат жаш үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү маселесин көтөрдү

Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Табылды Муратбеков жаш үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыздоо маселесин көтөрдү.

Депутат жаш үй-бүлөлөргө мамлекеттик ипотека же башка программалар аркылуу жеңилдиктерди берүү зарылдыгын айтты. 

«Мисалы, азыр жеке тараптардан ала турган болсо 50%ын төлөш керек. Жаш үй-бүлөлөрдүн каражат топтогонго каражаты жетпейт. Же болбосо аны 30% кылган жол-жоболорду карап чыксак. Бул жаш үй-бүлөлөрдүн туруктуулугуна себеп», — деди депутат.

3 Июнь 2026 жыл 14:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча