Депутаттын мурдагы аялы күйөөсүнөн зомбулук көргөн. ИИМ тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштады

2026-жылдын 26-январында Бишкек шаарынын ИИББна А.А. аттуу жаран жазуу түрүндөгү арыз менен кайрылып, анда мурдагы жолдошу — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин учурдагы депутаты Э.С. тарабынан узак убакыттан бери психологиялык кысым көрсөтүлүп жатканын, ошондой эле буга чейин физикалык зомбулук фактылары орун алганын билдирип, чара көрүүнү суранган.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын ИИББнын МЭЖна катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Көрүлгөн чаралардын алкагында коргоо ордери чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматы билдирди.

Учурда бардык зарыл болгон текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет. Белгилей кетсек, бул факт борбор калаанын милициясынын жетекчилигинин көзөмөлүндө турат.

26 Январь 2026 жыл 17:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча