«Достук-автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунун башчысы системалуу коррупция боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-февралда «Достук-автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунда мезгил-мезгили менен жасалма кезектерди уюштурганы үчүн Чек ара кызматынын көзөмөл өткөрүү пунктунун башчысы А.Н.О. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Аталган кызматкер чет элдиктерди чек арадан мыйзамсыз өткөрүү үчүн туруктуу пара алып, кылмыштуу топторго калканыч болуп келгени аныкталды.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлер такталууда жана чек арадан өтүүнү жеңилдетүү иштери жүрүүдө.