Жаздын келиши менен кооптуу процесстер активдешип, өлкөдө жер көчкү, суу ташкындоо, сел жүрүү сыяктуу коркунуч пайда болот.
Айтсак, ушул жылдын 24-26- март күндөрү эле өлкө боюнча 16 суу каптоо катталган. Анын ичинен бирөөсү сел болуп эсептелинет. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Ал эми ӨКМ суу каптоолордун негизги себептерин жаздын келиши менен ички арыктарды тазаланбагандыгына байланыштырат. Буга министрлик 24-март күнү Кара-Кулжа районундагы Алайкуу айылындагы болгон суу каптоону, мындан сырткары Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндөгү жана Чүй районундагы болгон суу каптоолорду мисал кылды.
Ошол эле учурда министрлик бүгүнкү күндө жер-жерлерде эки комиссия тактоо иштерин жүргүзүп жатканын айтышты. Ал эми бактыга жараша буга чейин катталган суу ташкындары олуттуу зыян келтирген эмес.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жер-жерлерде алдын алуу иштерин өз убагында жүргүзүүгө чакырат.