Филиппиндин түштүк аймагында болгон 8,1 баллдык күчтүү жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 41 адамга жетти. Бул тууралуу ТАСС билдирди.
Жарандык коргонуу башкармалыгынын маалыматына ылайык, 470тен ашуун адам жаракат алып, дагы 4 киши дайынсыз болууда.

Жер титирөөдөн Минданао аралындагы 1,9 миңге жакын имарат жабыркаган. Алардын арасында мектептер, ооруканалар жана турак жайлар бар. Болжол менен 1,5 миң имарат толугу менен кыйраган. Хенераль-Сантос шаарында өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.
Жалпысынан жер титирөөнүн кесепеттери аймактагы 145 миңден ашуун тургунга таасирин тийгизген. Учурда куткаруу жана калыбына келтирүү иштери уланууда.
