Филиппиндеги жер титирөөдөн каза болгондордун саны 32 адамга жетти

Филиппиндин түштүгүндөгү Минданао аралында болгон 8,1 баллдык күчтүү жер титирөөнүн кесепетинен 6 миңден ашуун мектеп жабыркады. Бул тууралуу өлкөнүн Inquirer басылмасына таянып ТАСС билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөдөн беш аймактагы жалпы 6 миң 224 билим берүү мекемеси зыян тартып, анда билим алган 3,2 миллиондон ашуун окуучуга жана 128 миңге жакын мугалим менен кызматкерге кесепетин тийгизди.

Бийлик жабыркаган аймактардагы бардык мектептерде сабактарды атайын буйрук чыкканга чейин убактылуу токтотту. Билим берүү министри Сонни Ангара мектеп имараттарынын коопсуздугун текшерип, келтирилген зыянды баалоо үчүн инженерлерди жөнөтүүнү тапшырды.

Акыркы маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен 32 адам каза болуп, дагы ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алган 200дөн ашуун адам бар экени кабарланды. Мындан тышкары, дагы бир нече адам дайынсыз жоголгон деп эсептелүүдө.

9 Июнь 2026 жыл 9:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча