ГИК: Кезеги келген жарандарга кандай бөлүштүрүлөт? (Видео)

Жакынкы күндөрдө Мамлекеттик Ипотекалык Компания Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районунда салынып жаткан турак жай комплексинин даяр болгон батирлерин үлүштүк курулуш механизми жана кезектеги жарандарыбызга тапшырат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания билдирет.

Анда МИК Жалал-Абад шаарындагы, Сузак районундагы батирлер кандайча тапшырылары тууралуу төмөндөгүчө түшүндүрмө берди:

-Эгерде Жалал-Абад шаарында, Сузак районунда иштеп, кезекте турсаңыз✅

-Сузак районуна жакын жайгашкан аймактарда иштеп, кезекте турсаңыз ✅

-Кезекте турган жарандын иштеген жеринде МИК тарабынан үйлөр курулуп жатпаган болсо, ошол эле учурда кезегиңиз келип кала турган болсо жогорку аталган Сузак районунан ала аласыз✅

Ошол эле учурда МИК кайсы учурда Жалал-Абад облусунун кезегинде, бирок Жалал-Абад шаарынан же Сузак районунан үй ала албай турганы боюнча дагы түшүндүрмө берди:

-Эгер сиздин жумуш ордунуз жайгашкан жерде МИК тарабынан батирлердин курулушу болуп жатып, кезекте турсаңыз;

Анткени сиз иш ордуңуз жайгашкан аймакта МИК тарабынан ипотекалык үйлөр курулуп жатат. Сиз ипотекалык кезекте туруп, кезегиңиз келип, бирок курулуш жүрүп жаткан конушта болсоңуз сизди кезек күтүү режимине кошуп, иштеген аймагыңыздагы үйлөр курулуп бүткөн соң кезегиңиз боюнча батир берилет.

21 Август 2025 жыл 11:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча