Ички иштер министрлиги чет өлкөгө жумушка кетүүнү пландап жаткан жарандарды алдамчы агенттиктердин тузагына түшүүдөн сак болууга чакырат.
Ведомствонун маалыматына ылайык, социалдык тармактарда оңой акча табууну сунуштаган маалыматтарды, жумушка орноштуруучу компаниянын лицензиясын жана мыйзамдуу ишмердүүлүгүн алдын ала текшерүүнү сунушталат.
«Иш графиги, эмгек акысы жана жашоо шарттары тууралуу толук маалымат алыңыз. Эгерде жумуш сунуштаган агенттик шектүү көрүнсө, кеңсеси жок болуп, онлайн же коомдук жайларда гана кызмат көрсөтсө, ички иштер органдарына же Бишкек жана Ош шаарларындагы Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборуна кайрылыңыз», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча мыйзамдуу агенттиктердин тизмесин migrant.kg сайтынан текшерсе болот.