Жума күнү Ирандын Израилге ракеталык чабуулунан Тель-Авивде көп кабаттуу үй жабыркап, 44 адам жарадар болгонун жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Маалыматтарга ылайык, эки адамдын абалы оор.
Жарылуулар Иерусалим, Хайфа жана Тель-Авивде болгону, ракеталардын айрымдары абадан атып түшүрүлгөнү тартылган тасмалар тарады.
Видеого ракеталардын бири Израилдин Коргоо министрлигинин имаратына багытталганы түшүп калган.
Израил Ирандын соккусун тынч элге карата чабуул деп айыптады.
«Коргонуу системалары коркунучту жокко чыгаруу үчүн иштеп жатат. Элге коопсуз жайларга кетүү жана ал жакта кийинки көрсөтмөлөргө чейин калуу сунушталды», — деп жазылган армиянын билдирүүсүндө.
Маалыматтарга караганда, ракеталарды аткылоого абадан коргонуучу системадан тышкары авиация тартылган.