Көчмөндөр оюндары: Көк бөрү менен көкпардын эрежелери биригиши мүмкүн экени айтылды

 VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү менен көкпардын эрежелерин бириктирүү боюнча президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу маданият министри Мирбек Мамбеталиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында айтты.

Ал өз сөзүндө Кыргызстан жана Казакстандын спортчуларынын арасында жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр тууралуу азырынча толук маалымат бере албастыгын, бирок талкуулардын жыйынтыгы боюнча кошумча билдирүү жасаларын белгиледи.

29 Май 2026 жыл 9:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча