Бишкек шаарындагы көмүр саткан ишканалар Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан текшерилди.
Иш-чаранын негизги максаты — Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында 0–13 мм фракциядагы чачылма көмүрдү ташып келүүгө, сатууга, сактоого жана пайдаланууга коюлган тыюунун аткарылышын көзөмөлдөө болуп саналат.
Рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарынын Ленин районундагы көмүр сатуучу жайлар жана сактоо кампалары текшерилип, көмүрдүн көлөмдүк классы 0–13 мм фракциядагы чачылма көмүрдү пайдалануу жана сатуу фактыларына өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле, текшерүү маалында көмүр үлгүлөрүнүн радиациялык коопсуздугу да лабораториялык ыкмада текшерилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, айрым объектилерде көмүрдүн сапатына жана сактоо шарттарына байланыштуу түшүндүрүү иштери жүрдү.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы белгилегендей, мындай рейддик иш-чаралар атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу, майда фракциядагы көмүрдөн бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын жана чаңдын абага тарашын азайтуу, ошондой эле жарандардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирди кыскартуу максатында улантылат.
Эске салсак, аталган токтомго ылайык, жылуулук менен камсыздоочу ишканаларга жеткирүүнү кошпогондо, 0–13 мм фракциядагы чачылма көмүрдү ташып келүүгө, сатууга, сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган.